Акылбек Жапаров кытайлык CNEEC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China National Electric Engineering (CNEEC) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары, CNEEC өкүлдөрү экологиялык маселелер жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча негизги министрликтер менен консультацияларды өткөрүштү.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз