Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды

Президент өткөн жылдын 4-майында академиянын абалы менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берген

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-январь күнү Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы жеринде капиталдык реконструкциядан өткөн футбол-жеңил атлетика манежин көрүп чыкты.
Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин алкагында футбол-жеңил атлетика манежинде жылытуу, желдетүү системасы жаңыртылган, жаңы терезелер жана кошумча жарыктандыруу орнотулган, ошондой эле канализациялык тармактар жаңыдан салынган. Бардык ички жайларда дубалдары жана чатыры жылууланып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Машыгуу залдарында душ кабиналары, дааратканалар курулган. Эркин күрөш залында спорттук маттар жаңыланган. Алардын аянты азыр эки эсе чоң. Стол тенниси бөлмөсү витраж терезелери менен өзүнчө залга айланган.

Реконструкция жүргүзгөндө чуркоо жолдордун жана футбол талаасынын үстүңкү бетин жабууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул максаттар үчүн манежге европалык стандарттарга жооп берген резина жабуу төшөлгөн.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 4-майында академиянын абалы менен таанышып, футбол-жеңил атлетика манежин толук капиталдык реконструкциялоо үчүн каражат табууну тапшырган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх