Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапырт камакка алынган журналисттер бир жумадан ашык убакыттан бери СИЗОго которула элек

Кыйноолордун алдын алуу борбору убактылуу кармоочу жайда кармоонун мөөнөтү бузулганын билдирди

24-январда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камактагы журналисттер кармалып жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышты.

«17-январда Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1ге кармоо чечими кабыл алынганына карабастан кармалган журналисттер 16-январдан бери убактылуу кармоочу жайда кармалып турганы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечими дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш», - деп айтылат борбордун маалыматында.

Эске салсак, 16-январда Темиров Live медиасынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, 48 саат бою суракка алгандан кийин камакка алынган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх