Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти
Муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени азырынча белгисиз
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди.
Муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени азырынча белгисиз. Ракиевдин айтымында жаңы муфтий бир айдын ичинде шайланат.
Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз