Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды
2023-жылдын ноябрь айында Раим Матраимов Кыргызстандан Дубайга качып кеткени тууралуу маалымат чыккан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады
Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалгандай, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү) боюнча шектелүүдө.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Раим Матраимов Кыргызстандан Дубайга качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Ошондой эле Матраимов мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом кайтарам деп убада берип, бирок милдеттенмесин аткарбай, изин жашырып кеткени маалымдалган.
Фото www