Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөт

“Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын билдирди. Бул тууралуу Ташиев бүгүн, 27-январда Кара-Суу базарына барган учурунда айтты. Атайын кызматтын башчысы базардагы жерлерди ээлеп алган байлардын ар жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде тартипке салынарын кошумчалады.

- Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Эки-үч сотыхтан кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди менчик катары бөлүп беребиз. Мунун бардыгын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет, мамлекет азыр бутуна туруп калды. Эч кандай байлар, криминалдар, акчасы көптөр коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт азыр. Мурдагыдай сатылып кете турган адам жок, сатыла турган аким, каттоо кызматы болбойт, - деди УКМКнын башчысы. Анын айтымында базарда биринчи соода борборлору ушул жылдын күз айларында бүткөрүлөт.

Эске салсак, кечээ, 26-январда УКМК "Туратали" базарынын директору кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына ылайык, ал соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултуп келгени аныкталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх