Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Раим Матраимовдун бардык мүлкү конфискацияланат

«Бир сотых жерин калтырбайбыз»

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Матраимовдун бардык мүлкү конфискацияланат. Бир сотых жерин калтырбайбыз. «Раим миллиондор» эми болбойт», - деди Ташиев.

Буга чейин УКМК Райымбек Матраимовду издөөгө салганы белгилүү болгон. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөк көрсөтүү) боюнча шектелүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Раим Матраимов Кыргызстандан Дубайга качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Ошондой эле Матраимов мамлекеттик бюджетке бир нече жүз миллион сом түшүрөм деп убада берип, бирок милдеттенмесин аткарбай, изин жашырып кеткени маалымдалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх