Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапырт камалган журналисттер СИЗОго которулду

Маалыматты алардын адвокаттары тастыкташты

Жапырт камалган журналисттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан 1-СИЗОго которулду. Vesti.kg редакциясына маалыматты абактагылардын адвокаттары тастыкташты.
Буга чейин КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 17-январда Биринчи Май райондук соту кармалган журналисттерге карата №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаганына карабастан, Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалып турганын билдиришкен. Укук коргоочулар ошондой эле кармалгандардын мындан аркы убактылуу кармоочу жайларда же Ички иштер министрлигинин карамагындагы башка жайларда кармалышы кыйноо катары караларын белгилешкен.

Эске салсак, 16-январда Темиров Live медиасынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, 48 саат бою жүргөн сурактан кийин кармашкан.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылганын билдирди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх