Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат
“Иштерди орто жолдо таштаган болбойт”
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасынын жүрүшүндө айтты.
- Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, — деди ал.
Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз