Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК комитети ЖМК мыйзамын биринчи окууда жактырды

Айрым депутаттар мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгууну жана коомдук талкууларды өткөрүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 30-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, концепциясын жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Депутат Тазабек Икрамов жалган маалымат тараткан маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги жана фейк аккаунттардын көйгөйүн чечүү маселесине токтолду. Ошол эле учурда сөз эркиндиги чектелбеши керек деген пикирин билдирип, мыйзам долбоорун дагы иштеп чыгууну сунуштады.

Маданият министри Алтынбек Максүтов маалымат мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн министрликте социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү борбору түзүлөрүн билдирди.
Депутат Улугбек Ормонов медиа-эксперттердин демилгечилер тарабынан четке кагылган конкреттүү сунуштарына кызыгып, мыйзам долбоорун кызыкдар тараптар менен бирге иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады. Депутат Бактыбек Чойбеков коомдук талкууларды өткөрүүнү сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке сунушталган мыйзам долбоору эксперттик коомчулуктун, укук коргоочулардын жана эл аралык институттардын сынына кабылган.

Буга чейин президенттик администрация мыйзам долбоорун 2022-жылдын сентябрында жарыялаган. Кийинчерээк ар кандай сын-пикирлерден улам мамлекет башчы Садыр Жапаров аны аягына чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырган. Бирок 2023-жылдын январында чыккан экинчи варианты дагы ЖМК өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жараткан. Өткөн жылдын февраль айынын башында президенттик администрация мыйзам долбоорунун мурда белгисиз болгон үчүнчү вариантын жарыялаган.
Мамлекеттин маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн жаңы мыйзамдар менен чектөөнү каалагандыгы республиканын жарандык эркиндиктер начарлаган жети өлкөнүн катарына кирүүсүнүн себептеринин бири болгон. Башкалардын арасында көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү, активисттер менен журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу, баш калаанын борборунда тынч пикет өткөрүүгө тыюу салуу бар.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Франциянын Эл аралык радиосуна (RFI) берген маегинде президенттик администрациянын мындай мыйзам долбоорлоруна эч кандай тиешеси жок экенин жана алар тууралуу жаңылыктардан билип жатканын билдирди.

Сөз эркиндиги жана “ММК жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча техникалык консультациялардын жүрүшүндө журналист, “Кыргызстандын медиа-аракет платформасынын” мүчөсү Семетей Аманбеков мыйзам долбоорлорунун демилгечилери өздөрү бул демилге эмне үчүн зарыл экенин так түшүндүрө алышпайт деген оюн билдирди. Бул акыр аягында ЖМКнын алдыга жылышына жана фейк менен күрөшүүгө жардам бербеген, бирок өлкөдөгү сөз эркиндигин чектеген жана басуучу мыйзамдардын калыптанышына алып келет.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын айтымында, КР Акыйкатчы институтунда эл аралык эксперттердин жардамы менен жүргүзүлгөн ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан нормаларын талдоо учурунда сунушталып жаткан демилгеде эл аралык укук жана жалпы кабыл алынган принциптерге карама-каршы келе турган  бир катар кемчиликтер аныкталган.

ЕККУда да олуттуу кооптонуулар айтылып, алар мындай мыйзамдын кабыл алынышы сөз эркиндигинин эл аралык деңгээлде таанылган стандарттарына жана аймактагы алдыңкы тажрыйбага туура келбейт деп чочулашууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх