Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды
Ал Фархад Исмаиловдун ордуна келди
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2-февралда Айсулуу Мамашованы “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.
Ага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Белгилей кетсек, ал жасалма дипломдун айынан мандатынан ажыраган Фархад Исмаиловдун ордуна келди.
Эске салсак, Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз