Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБине келди

ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Энергетика министрлиги билдиргендей, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, айрым аймактарда ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.
Борбор калаанын бардык мектептери жана бала бакчалары шейшембиге чейин онлайн окутуу режимине өттү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх