Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат

Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддиндин жолугушуулары болуп өттү

Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин тар жана кеңейтилген форматта жолугушуулары болуп өттү.

Министр Ж.Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат умтулат, деп белгиледи ал.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты. Дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар ошондой эле БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх