Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кабыл алды

«Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты»

Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Рахмон менен жолугушууда Кулубаев Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.


Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.


Расмий сапардын алкагында Ж.Кулубаев тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, Кыргыз Республикасынын делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх