Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын билдирди

Мамлекет башчысы соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды

Президент Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу кыргызстандыктар!

Былтыр кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамды өлкөбүздүн бай жарандары капиталдарын чет өлкөлөрдө кармабастан, өз өлкөбүзгө алып келишсин, накталай акчаларын чет өлкөлөрдүн банктарында катып жатпастан, бул жакка которуп, өзүбүздүн банктарга салсын, өзүбүздүн экономикабыздын пайдасына иштесин деген максатта кабыл алганбыз.

Мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болот. Андан кийин күчүн жоготот.

Урматтуу мекендештер!

Эми иштин чоо-жайына өтөйүн.

Буга чейин баарыбыз эле (карапайым калктан башка орто бизнесмендерден тарта жогоркулардын баары) мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Мындан сырткары, эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Мындай байлар бизде көп. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат эле.

Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Андан кийин иштебейт. Ошондуктан кечикпей легалдаштырып, үлгүрүп калыңыздар.

Эми өзүмдүн мүлктөрүмө токтолоюн.
Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүнөн келгем. Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96) 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин "Ата-Журт" партиясынын штабы катары колдонгонбуз.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх