Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

 Эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү

2024-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнү маалымдалды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх