Жогорку Кеңештин делегациясы расмий иш сапар менен Улуу Британияга барды
Жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар күтүлүүдө
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.
Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.
Фото WWW