КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысын кабыл алды
Ивана Живкович Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен келди
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы (БУУ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды. И.Живкович БУУӨПтун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.
Ошондой эле Тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты. Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, БУУӨПтун Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондун түзүү ниетин билдирди.
Министр Ж.Кулубаев кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле БУУӨПтун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүүгө ишендирди.
Өз кезегинде Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУӨПтун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.
Фото WWW