Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселесин талкуулашты

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду

2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.


Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх