Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттердин кармалышы. Айке Бейшекеева дагы эки айга СИЗОдо калды

Дагы төрт журналист камакта калды

Бүгүн Биринчи Май райондук соту «Айт айт десе», «ПолитКлиника» жана «Арча Медиа» басылмаларынын камактагы журналисттерине карата баш коргоо чарасын карап жатат. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин «Массалык баш аламандык», 3-бөлүгү «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу» боюнча айыпталууда.


Сот Айка Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди СИЗОдо кармоонун баш коргоо чарасын узартты. Алар дагы эки ай камакта болушат. Буга чейин сот жалгыз Сапар Акунбековдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн. Белгилей кетсек, ал ден соолугуна байланыштуу 7-мартта камактан бошотулган.


Эскерте кетсек, 16-январда Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, 11 журналист күч органдары тарабынан ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, сурактан кийин 48 саатка камакка алынган.


Ички иштер министрлиги «Айт Айт Десе» жана Темиров Live басылмаларынын беттеринен массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылганын билдирди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Биринчи Май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх