Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Көлбаев жана Матраимов менен болгон жолугушуулары тууралуу айтты

Матраимов менен эки жолу жолуккан

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов жана кримавторитет Камчы Көлбаев менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал Матраимов менен эки жолу жолуккан.

«Биринчи жолу мен аны менен мыйзамдагы ууру Көлбаевди кабыл алдым. Жыйында Камчыбек Кыдыршаевич дагы болгон. Анан Көлбаевге эскерттим: «Эски күндөрдү унут. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Кылмышкерлер бири-бирин өлтүрбөсүн. Саясатчыларды, инвесторлорду жайына койгула. Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тынч жашагыла». Тилекке каршы, элди талап-тоноо токтогон жок. Ал тургай базардагы чакан бизнесте да үлүшү бар болчу. Айрым ишкерлердин мүлкүн ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Экинчи жалгыз Раим Матраимовду кабыл алып: «Сиз эки миллиард төлөдүңүз, «Эльдорадо» соода борбору, 10 батир жана башка мүлктөр мамлекетке өттү. Эми тынч жаша. Кылмышка аралашпа, алар менен дос болбо» - деп айттым. Тилекке каршы, байланыш токтогон жок. Атайын кызмат анын кылмыш менен байланышын ачкан. Буга чейин 2 миллиард төлөгөндүгү үчүн жайына койгонбуз. Андан кийин атайын кызмат анын башкаларга катталган мүлкүнүн баарын табышкан. Ал дагы конфискацияланат», - деди Жапаров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх