Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Биз митингдерден коркпойбуз

Президент Кемпир-Абад окуясына тиешеси бар адамдардын жакындарынын айткандарына комментарий берди

Садыр Жапаров Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берип, иш боюнча айыпталуучулардын жакындарынын өлкөдө митинг өткөрүү ниетин билдирген сөздөрүнө да комментарий берди.

КНИА Кабарга берген маегинде президент митингдерден коркпой турганын айтты.

«Биз митингдерден коркпойбуз. Мен жеке кызыкчылык үчүн митингге чыккандардын көзүнчө чуркап же жашынып кете турган адам эмесмин. Мамлекетти тоноп, тууган-уруктарын кызматка коюп, мамлекетти кризиске алып келсе, анда ооба, коркмокмун. Тескерисинче, менин командам жана мен күнү-түнү талыкпай эмгектенебиз. Мамлекетти саздан араң чыгардык. Бажы жана салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге көбөйттүк.

Мурдагыдай уурдап, жакшы жашагысы келгендер болсо, катуу жооп беребиз. Анткени биздин ишибиз адилеттүү. Аларды эмес, көпчүлүк бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийишибиз керек», - деди Жапаров.

Ал ошондой эле Кемпир-абаддыктарды Рамазан айында бошотууну суранган Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди.

Анын тагдырын мен чечпейм, чечимди сот, прокурор чыгарат. Бекназаровду колунан кармап абакка салган жокбуз. Ал ишти өзү жасады. Анан өзү эле эмес, далай жаштарды өзү менен кошо сүйрөп кетти. Бул алардын иши», - деп кошумчалады президент.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх