Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министринин орун басары АКШ элчиси менен Кыргызстандыктар үчүн визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулады

Тараптар ошондой эле кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты

Бүгүн КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу, соода-экономикалык жана банктар аралык мамилелерди кеңейтүү, «С5+1» аймактык диалогдук платформасынын алкагында өз ара аракеттенүү, маанилүү пайдалуу кендер тармагында кызматташуу, ошондой эле жөнөкөйлөштүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн АКШ визасынын жол-жоболорун жеңилдетүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.

 

Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх