Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Ысык-Ата районунун акимин алмаштырды

Себеби, ишеним жоголгон

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн буйругу менен Алмазбек Осмоновду мамлекеттик администрациянын башчысы – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими кызматынан ишеним жоголгондугуна байланыштуу кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Башка жарлык менен Эрмекбай Омошев мамлекеттик администрациянын жаңы башчысы – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх