Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 10,76 чакырым мамлекеттик чек араны бекитти

Бустондо топографиялык топтордун чогулушу болду

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 10,76 чакырым мамлекеттик чек араны макулдашты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жетишилген макулдашууга ылайык, 12-17-март аралыгында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10,76 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды талкулоо боюнча ишти улантат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх