Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров даават боюнча: Өзүбүздүн эле салттуу чепкен-калпактарды кийип, сакал-мурутту тегиздеп, казият менен макулдашып алып чыксаңар

“Мен дааватка каршы эмесмин, болгону дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдар берсе деген ойдомун”

Президент Садыр Жапаров кечээ 15-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы мечитинде шам намазын окуп, ооз ачар өткөргөнү белгилүү болду.
Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, алгач бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.
Садыр Жапаров өз сөзүндө муфтий менен жакында өткөн жолугушуудан соң коомчулукта “президент дааватка каршы экен” деген жаңылыш ойлор тарап жатканын айтып, бул боюнча түшүндүрмө берди.

- Мен дааватка каршы эмесмин, болгону дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдар берсе деген ойдомун. Дааваттан эч зыян көрбөйбүз, бирок, кебете-кешпирге да көңүл бөлүп, өзүбүздүн эле салттуу чепкен-калпактарды кийип, сакал-мурутту тегиздеп казият менен макулдашып алып чыккыла дегем, деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх