Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаров Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин да талкуулашты

Садыр Жапаров Владимир Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөштү.

«Садыр Жапаров Владимир Путинди өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, бул орус элинин мамлекеттик эгемендүүлүгүн чыңдоо, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, көз карандысыз мамлекеттүүлүккө умтулуу саясатын жана иш-аракеттерин таанып, колдоо көрсөтүп жаткандыгынын далили экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдөө боюнча биргелешкен күч-аракеттер мындан ары да артыкчылыктуу багыттар боюнча бардык аракеттердин комплексин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенет», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле май айында Москвада боло турган Жогорку ЕАЭБтин юбилейлик жыйынын талкуулашканы белгиленген. Кыргызстандан бул жыйынга өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров катышат.

Эске сала кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 99,59% добушту эсептөөдөн кийин, Владимир Путин 87,33% добуш менен алдыда, Николай Харитонов экинчи (4,3%), Владислав Даванков 3,81%, Леонид Слуцкий 3,2% добуш менен келе жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх