Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад иши. Бектур Асановго Түркияга дарыланууга уруксат берилди

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды

Кемпир-Абад кылмыш иши боюнча кармалган Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановго Түркияга дарылануу үчүн учуп кетүүгө уруксат берилди. Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эскерте кетсек, Бектур Асанов декабрдын башында №1 СИЗОдо жыгылып, мойнунан жаракат алган. Ал ден соолугуна байланыштуу камактан өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен бошотулган. Ага Улуттук госпиталда жатын омурткасына операция жасалып, андан соң №31 түзөтүү колониясына которулган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх