Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы болуп дайындалды

Бишкек эркин экономикалык аймактын экс-башчысы буга чейин кыргыз кыздары жөнүндө посттору менен да «атактуу» болгон 

 Бишкек Эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) экс-башчысы Кудрет Тайчабаров Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg нин өз булактары кабарлады.

Буга чейин ал социалдык тармактарга жайгаштырган кыргыз кыздары жөнүндө посттору менен «белгилүү» болгон. Анда, Тайчабаров Россиядагы жана Түркиядагы бардык кыргыз мигранттар секс кызматтар жаатында иштейт деп билдирген. Ошондой эле ал тамеки тарткан кыздарды сынга алган. СЭЗдин директору кезинде ал кызмат унаасында кырсыкка учурап, 24.kg агенттигин «бир тараптуу маалымат берүү» жана «заказдалган материал» берди деп коркуткан.

Ага чейин, Кудрет Тайчабаров массалык медиа каражаттарында иштеп, кинотасмаларда роль ойногон жана ата мекендик ырчыларга бир нече ырларды жазган.

Тайчабаров - 2021-жылы апрелде президенттин кеңешчиси кызмат ордун ээлеген Адинай Марипованын бир тууганы. Адинай Марипова 2020-жылы октябрда парламентке «Мекенчил» партиясынан, кийинчерээк «Ынтымак» партиясынан талапкерлигин койгон.

Лейла Молдыбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх