Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын аягында 6,28 миллиард долларды түздү
Ал бир айда 164,55 миллион долларга өскөн
2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 280,54 миллион долларды же 559 миллиард 503,58 миллион сомду түздү. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, тышкы карыз 4 миллиард 652,73 миллион долларды, ички карыз 1 миллиард 627,80 миллион долларды түздү.
Бир айда өкмөттүн карызы 164,55 миллион долларга, тышкы карыз 107 миллион 620 миң долларга, ички карыз 56 миллион 920 миң долларга өскөн.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз такталган болжолдонгон ИДПнын 45,53 пайызын түздү.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз