Кыргызстандыктар автоунааларды лизингге сатып ала алууга мүмкүн болот. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Лизингдик ишмердүүлүк лицензияланат
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Лицензиялоо жана уруксат берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 7-мартта кабыл алган.
Анын максаты – өлкөдө лизингди өнүктүрүү жана жеке адамдарга жеке колдонуу үчүн автоунааларды жана мотоциклдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү, ошондой эле лизинг рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – жеткирүүчүлөрдү көбөйтүү, дилердик тармактарды кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандырууну жакшыртуу.
Мындан тышкары, лизингдик иш Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. Лицензиар Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлдөнгөн юридикалык жактарды кошпогондо).
Сүрөт: www