Кемпир-Абад окуясы. Дагы бир айыпталуучу камактан бошотулду
Биринчи Май райондук соту саясатчы Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын өзгөрттү
Кемпир-Абад делген кылмыш иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров камактан бошотулду. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Саясатчы ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылганы кабарланууда.
Буга чейин райондук сот бул ишке тиешеси бар дагы бир адам Бектур Асановго Түркияга учуп дарыланууга уруксат берген.
Калган тогуз айыпталуучунун камактагы мөөнөтү 24-майга чейин узартылды.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон бир катар саясатчылардын жана активисттердин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген негизде кылмыш иши козголду. 27 адам кармалып, СИЗОго киргизилген.
Сүрөт: www