Орус бийликтери теракттан кийин мигранттарды көзөмөлдөөнү күчөткөнү жатышат
Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булак билдирди
Орус бийлиги Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин мигранттарды көзөмөлдөө чараларын күчөтүүнү карап жатканын РИА Новости Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына таянуу менен билдирди.
«Мигранттардын агымы терроризмден сырткаркы маселе, ал акыркы жылдары мамлекеттик органдар тарабынан системалуу түрдө каралып келген. Кеп процесске көбүрөөк уюшкандык кошуу жана мигранттарга биздин миграциялык мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө болуп жатат. Сыягы, Крокустагы трагедия бул ишти тездетүү үчүн таасирин тийгизет окшойт», - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин Москва полициясы чет элдик жарандарды кошумча текшерүү үчүн атайын топторду түзгөнүн жазып чыгышкан.
Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.
Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 137 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180ден ашууну жарадар болгон.
ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.
Сүрөт: www