Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинетинин башчысы бардык чек ара бекеттеринде тартипти орнотууну тапшырды

Ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда болуп, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди

Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өлкөдөгү бардык өткөрүү пункттарында тартипти орнотууну тапшырды. Тиешелүү тапшырманы ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүп жатып берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өлкөнүн жарандарына жана конокторуна өткөрүү пункттары аркылуу өтүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан аймакты текшерүү учурунда павильондорду, иштебей турган имараттарды демонтаждоо, аймактын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх