Депутат: Мектептик олимпиадалар бизнеске айланып кеттиби?
Жалал-Абадда кыргыз тили боюнча олимпиадага катышкандардан миң сомдон чогултулган
Жалал-Абад облусунда мектеп окуучуларынын кыргыз тили боюнча олимпиадасына катышуу үчүн окуучулардан 1 миң сомдон чогултулган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде депутат Надира Нарматова билдирди.
Анын айтымында, өткөн аптада Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мектеп окуучуларынын катышуусунда кыргыз тили боюнча олимпиада болгон.
«Олимпиадага 500гө жакын окуучу катышып, ар биринен 1 миң сомдон чогултулган. Ата-энелер нааразы. Олимпиаданы бизнеске айландырдыңызбы? Окуучулар төлөшү керекпи? — деп кайрылды эл өкүлү билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага.
Чиновник окуучулар акча төлөбөшү керек деп жооп берди.
«Эгер бул облустук деңгээлдеги республикалык олимпиада болсо, анда атайын бюджеттик смета бар. Бирок ошол эле учурда башка уюмдар да өздөрүнүн олимпиадаларын өткөрүшөт. Мен бул маселени тактап, жооп берейин. Мындан тышкары, учурда Билим берүү министрлигинин атынан сынак өткөрүп, акча чогулткан шылуундар көп», - деди чиновник.
Сүрөт: www