Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Малайзияга барат

Иш сапар малайзиялык тараптын чакыруусу менен болот

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев малайзиялык тараптын чакыруусу менен 1-апрелден 3-апрелге чейин расмий сапар менен Малайзияда болот.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Малайзиянын тышкы иштер министри Утама Хажи Мохамад бин Хажи Хасан жана башка расмий адамдар менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктырган көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх