Камчыбек Ташиев Өмүрбек Суваналиевдин айтылган сынына жооп берди
«Суваналиев генералмын дегенди жакшы көрөт, бирок Баткен окуясы анын деңгээлин көрсөттү»
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин өлкөдө жүрүп жаткан “кустуризация” тууралуу билдирүүсүнө жооп берди.
Буга чейин Суваналиев “Азаттыктын” түз эфиринде Ташиевдин коррупция менен күрөшүү ыкмаларын сынга алган.
Өз кезегинде Ташиев бул тууралуу Суваналиевди сүйлобөй эле койсо болот деп билдирди.
«2021-жылдагы Баткен окуясы анын деңгээлин көрсөттү, Суваналиев эмне үчүн «жыгач генерал» деп аталды. Ал бул эпитеттерге татыктуу болчу, ошондуктан аны кызматтан кетиришкен. Суваналиев генералмын дегенди жакшы көрөт. Ал болгону алты айга жакын генералдык наамды аркалаган, бирок бул убакыт аралыгында эл баалай турган көп иштерди жасаса болмок. Жеке мен алты жылдан ашык генералдык наам менен кызматта жүрөм, бул наамды алганыма 15 жыл болду. Эл өзү баалайт, ким кандай иштеп жатканын көрүп жатат», - деди Ташиев 7-каналга берген маегинде.
Сүрөт: www