Кыргызстан менен Малайзия түз аба каттамдарын ачууну талкуулап жатат
Тараптар жүк ташуучу каттамдарды ачууга да кызыкдар
Кыргызстандын тышкы иштер министри Малайзиянын транспорт министри Лок Сив Фук менен жолугушту. Анда өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап Малайзиянын авиакомпанияларына бешинчи эркин аба укугун берүү аркылуу түз авиакаттамдарды ачууга кызыкдар.
«Түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берерин эске алып, түз авиакаттамдарды гана эмес, ошондой эле түз жүк ташуучу каттамдарды ачуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга даяр экени айтылды. Бул өз кезегинде товарларды жана продукцияларды ташууну жеңилдетет», - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жүктөрдү ташуу үчүн эффективдүү транспорттук-логистикалык каттамдарды камсыздоо перспективалары талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы