Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары менен кабыл алынган “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамды талкуулады

Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулашты

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү жана адам укуктарынын абалы боюнча пикир алмашуу болуп, коммерциялык эмес уюмдар боюнча кабыл алынган мыйзам боюнча маалымат берилди.

Элчи Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, ошондой эле демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Узра Зея Кыргызстан демократиялык принциптерди коргоодо ар дайым өзгөчөлөнүп келгенин белгилеп, адам укуктары жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү жаатында кызматташууга даяр экенин ырастады.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча конструктивдүү кызматташууну улантууга өз ара ниеттерин билдиришти, деп билдирди элчилик.

 

Сүрөт Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх