Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалууда
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жейхун Байрамов 8-9-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелеринин жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири чөйрөсү каралат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз