Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Орус жана англис тилдерсиз биздин жаштар республикасынын чегинен чыга албайт

"Биз эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин интернеттеги чет тилдердеги контентти жабуу боюнча айткандарына комментарий берди.

Бир күн мурда спикер интернеттеги орус жана англис тилдериндеги бардык контентти жаап, популярдуу видеолорду кыргызчага которууну сунуштаган. Ал аймактардагы балдар кыргызча эмес, орус жана англис тилдерин көбүрөөк сүйлөшөрүн түшүндүрдү. Ал ошондой эле балдардын аттары ашыкча арабдаштырылып кеткенине көңүл бурду.

Садыр Жапаров спикердин сөздөрү анын жеке пикири жана мамлекеттик саясатка тиешеси жок экенин билдирди.
«Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка.
Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде.
КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.
Өздөрү айтышат "Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз" деп.
Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиненен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жака барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.
Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнүшөт.
Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.
Ал эми кыргыз тилибиз эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.
90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.
Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?
Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет».

Фото: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх