Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы кыргыз дипломаты менен болгон окуя. КР Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигине нота тапшырды

Кыргыз тарап окуяны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси менен болгон окуя боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырды.

Буга чейин Москвада күч кызматкерлери дипломат Манас Жолдошбековдун батирине кирип, эшигин бузуп, орой түрдө андан миграциялык каттоо баракчасын берүүнү талап кылагандыгы тууралуу маалымат тараган. Ошол эле учурда алар элчиликтин кеңешчисинин аялын сабап салышкан.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 12-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин консулдук кеңешчиси А.Бурев менен жолугушуу болуп өттү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредиттелген кызматкерлерине карата мындай аракеттерге жол берилбестиги жана дыкат иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү тез арада жоопкерчиликке тартууну талап кылаары белгиленди.

Өз кезегинде консул А.Бурьевой бул факты боюнча өкүнүчүн билдирип, Россиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде учурда керектүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгында бул тууралуу кыргыз тарапты маалымдайт», — деп билдирди КР Тышкы иштер министрлиги.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх