Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү

Жолугушуу Тажикстандын аймагында өттү

7-апрелден 13-апрелге чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы тууралуу өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өтт..

КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын алкагында жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен жеринде изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү, деп белгиледи министрлер кабинети.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх