Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин башчысы менен жолукту

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты

Мекемеден билдиришкендей, 2024-жылдын 14-апрелинде Ташкент шаарында “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө үчүн, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле эл аралык жана аймактык кырдаалдын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Жээнбек Кулубаев кувейт тарапты ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде министр Абдулла Али Аль-Яхья мырза чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө үчүн ушундай аянтчаларды колдонуу зарылчылыгын белгиледи.

Фото: Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх