Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча макулдашууга жетишти

Вашингтондо Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду

Мекемеден билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда талкууланган бардык маселелердин лейтмотиви Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы стратегиялык мамилелерди мындан ары чыңдоо, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу куруу боюнча Кыргызстан үчүн стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү болду.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын санариптик өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кристин Чжэнвэй Цян менен жолугушуу болуп, анда делегация мүчөлөрүнө Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун жана башка энергетикалык долбоорлорду санариптик колдоо боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Энергетика тармагында санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуунун деталдары Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье менен талкууланды.

Дүйнөлүк банктын туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Юрген Фогеле менен жолугушууда республиканын туруктуу жана адилеттүү экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергиянын өндүрүшүн көбөйтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана жандуу экономиканы өнүктүрүү үчүн климаттык иш-аракеттерди жана реформаларды кеңейтүү боюнча амбициялуу максаттарын жогору баалайт.

Сүрөт: министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх