Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Генерал деп айтууга тил барбайт. Депутат ИИМдин жетекчисин кызматтан алууну сунуштады

“Жети баланын атасына бир бөлмөлүү батир берип, бир балалууга үч бөлмөлүү батир берилди. Муну кантип түшүнсө болот?”

Президент ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматына татыктуулугун карашы керек. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова билдирди.

Ал министрди милиция кызматкерлерине батирлердин туура эмес бөлүштүрүлүшү үчүн сынга алды.

«Жакында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулду. Таң калыштуусу бул батирлер кандай бөлүштүрүлгөнү. Мисалы, жети баланын атасына бир бөлмөлүү батир, бир балалууга үч бөлмөлүү батир берилиптир. Бул кандай баш аламандык? Ошондой эле 11 үй-бүлөгө батирлеринин ачкычтарын үйүнүн жанына итке таштагансып кеткенине нааразы болушкан. Эмне үчүн алар расмий түрдө сыйланган эмес? Маселен, Камчыбек Ташиев өзү департаменттин кызматкерлерине батир тапшыруу аземине расмий катышып, аларды куттуктайт. Бирок биздин милиция кызматкерлерине андай мамиле жок. Алар жетимби же башка өлкөнүн жарандарыбы? Эмне үчүн Улан Ниязбековдун мындай мамиле кылат? Аны генерал деп айтуу кыйын, - деди Айдарова ачууланып.

Ал ошондой эле РИИБдин жетекчилигиндеги адилетсиз мамилени белгиледи.

«Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда абактагы адам асынып өлүп, ал жердеги РИИБдин жетекчиси иштен алынды. Ушундай эле жагдай Токмокто да болуп, эки жаран ошол жерде асынып алган. Бирок Токмок РИИБдин башчысы кызматынан бошотулбайт. Ал тууганбы же сүйүктүү кызматкерби?» — деди депутат.

Ал ошондой эле Ниязбеков Ички иштер министрлигине жетекчи болуп келгенден кийин кылмыштар көбөйүп, министр өзүнүн иштери менен алек болуп калганын кошумчалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх