Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи Бакуда өттү

Жолугушуу Зугулба резиденциясында өтүүдө

Бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү.

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Президенттер расмий делегацияларын тааныштырды.

Андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Сүрөт президенттин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх