Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында 15 министр жана расмий адамдар бар

Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына учуп кетти.

24-25-апрелде боло турган иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулайт.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгында Президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Ошондой эле мамлекет башчылары Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

- Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- Энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;

- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

- Юстиция министри Аяз Баетов;

- «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;

- Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;

- Президенттик аппараттын менеджери Каныбек Туманбаев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх