Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адахан Мадумаров бошотулду (видео)

Түндө аны СИЗОнун жанынан тарапташтары жана журналисттер тосуп алышты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров түн ичинде УКМКнын СИЗОсунан чыгарылды. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Саясатчы менен жолугушууга бир нече ондогон тарапташтары жана маалымат каражаттары келишти.

Адахан Мадумаров ага карата соттун өкүмү боюнча журналисттерге кыскача комментарий берди. Ал ошондой эле депутаттык мандаттан ажыратуу максатында кылмыш иши козголгонун билдирди.

Эскерте кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Мадумаровго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Саясатчы 2-сентябрда кармалып, СИЗОго киргизилген.

Кеп 2009-жылы Хожент шаарында кол коюлган протоколго байланыштуу, ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров тажик тарап менен эки өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилеринин Коопсуздук катчыларынын жетекчилиги астында өткөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кол койгондугу тууралуу. Документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан аянты 5 гектар, узундугу 275 метр болгон жер тилкесин 49 жылга ижарага алган. Протокол Худжанддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

Мындан тышкары, депутаттын дарегине 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу арыз жазылган. Ал алдамчылык, тактап айтканда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кассасынан 50 миң доллар алып кеткен деп айыпталган.

26-мартта Биринчи Май райондук соту саясатчыга карата өкүм чыгарган. Мадумаров алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулуп, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта калган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх