Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илхам Алиев Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

Белек Агдамдагы 18-кылымга таандык тарыхый комплекске барганда тапшырылды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Садыр Жапаровго карабак жылкысын белекке берди.

Кыргызстандын лидерине белек Карабак хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын ак сарайы жана мүрзөсү жайгашкан Агдамдагы 18-кылымдагы тарыхый комплекске барганда тапшырылды. Ошондой эле азербайжан тукумундагы жылкылар да аткаминерлерге тартууланды.

 

Эске сала кетсек, 24-25-апрелде Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапары болду.

Сүрөт президенттин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх